Сообщение без заголовка

Дата публикации: Jan 27, 2016 8:8:33 AM

2015-жылдын 12-декабрында улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата жана Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата, ошондой эле 12-декабрь Китепкана күнүн белгилөө үчүн мектепте адабий кече болуп өттү. Бул кечеде окуучулар жазуучулардын "Бугу Эне", "Телибай Тентек", "Түлкү менен каздар" ж.б. чыгармаларынан: үзүндүлөрдү, ырларды аткарышты. Адабий кечени кыргыз тили жана адабияты мугалими жана китепканачы Жумаева Гүлзада Термечиковна өткөрүп, мугалимдер жана окуучулар катышышты. Окуучуларга мактоо баракчалары тапшырылды.