ӨТКӨН ОКУУ ЖЫЛЫНА АНАЛИЗ

I.

Кадрлар менен иштөө.

2019-жылдын 29-августа болуп өткөн педагогикалык кеңешмеде

2019-2020 -окуу жылдын иш планы бекитилип, комплектование журуп, ар бир преметтик мугалимдердин жүктөмү белгиленди. Окутууну, тарбиялоону жакшыртуунун планын ишке ашыруу алдынкы тажрыйбаларды колдонуу жана жан башына каржылоо боюнча иштердин пландары иштелип чыкты. Педагогикалык кеңештин планында айларга болуштурулуп, бекитилип пландаштырылган темалар боюнча отулуп турат. Каникул убагында иш чаралардын планында иштелип чыгып, кабыл алынып, өз убагында ишке ашууда. Директор алдындагы кенешмеде пландаштырылган маселелер каралып турат.

Мектепте төмөндөгүдөй төрт усулдук бирикмелер түзүлгөн:

1. «Ынтымак» гуманитардык багыттагы усулдук бирикме жетекчиси: Мендебаева Ф.А.

2. «Эрудит» табигый математика багытындагы усулдук бирикме жетекчиси: Айипова Т.А

3. «Башат» башталгыч класс багытындагы усулдук бирикме жетекчиси Маткеримова Г.А.

Усулдук бирикмелердин жетекчилери болуп, алдынкы тажрыйбалуу көп эмгек стажысы бар мугалимдер шайланышкан. Ар бир усулдук кенешменин иш планы бекитилип, отурумдар ар турдуу темаларда, багыттарда отуп турат.

Мектепте предметтик ийримдер таланттуу балдар менен иш алып барат. Ар бир ийримдин иш пландары, иш чаралары түзүлгөн. Мектепте төмөндөгүдөй ийримдер иштейт:

1. «Русское слово»,

2. «Жаш математик»,

3. «Жаш биолог»,

4. «Жаш канат»,

5. «Хан ордо»,

6. «Химляндия»,

7. «Достук»,

8. «Информатик»,

9. «Ыйык Милдет»,

10. «Келечек»,

11. «Жеткинчек»,

12. «Шоола»,

13. «Байчечекей»,

14. «A Flover»,

15. «Эврика»,

16. «Башат»,

17. «Чебер колдор».

Бул ийримдерде окуучулардын логикалык ой жугуртүүсүн өстүрүү үчүн ар кандай кошумча, тапшырмалар берилип, мугалимдер талыкпай эмгектенүүгө шарт түзүлгөн.

Окуудан жетишпеген, сабакты начар өздөштүргөн окуучуларга атайын анкеталар мугалим тарабынан карточкалар түзүлүп, тизмелери такталып, пландары бекитилди. Окуучулардын өздөштүрүү жөндөмдүүлүгүнө жараша кошумча тапшырмалар берилип көзөмөлгө алуу ар бир мугалимге милдеттендирилди.

Жаш мугалимдердин окуу тарбия иштеринин туура журушуно көзөмөл кылыш үчүн тажрыйбалуу мугалимдер жаш мугалимдерге насаатчылар болуп бекитилди. Жаны келген жаш мугалимдерге окуу бөлүм башчысы, тажрыйбалуу мугалимдер тарабынан методикалык кенештер берилип турууда. Жаш мугалимдер үчүн насаатчылык бурчу түзүлдү. Мектеп ичиндеги класстар арасында өткөрүлгөн ар кандай кароо сынактарга окуучулар менен бирдикте мугалимдер да активдуу катышып турушат.

Мектепте «Азыркы коомдо натыйжалуу иштоого жондомдүү, жашоодо оз ордун таба билген ар тараптан онуккон инсанды тарбиялоо» проблемасынын негизинде иш алып барылууда. Усулдук кенешмеде «Мамлекеттик стандарт» боюнча отурум болуп, ал отурумда азыркы кездеги окуунун жаны технологиясын камтыган «Мамлекеттик стандарт» программасы менен таанышып, семинар өткөрүлүп окуутууну жакшыртуунун планынын негизинде иш чараларды жүргүзүп жатабыз, андан башка стандарттуу эмес сабактын ар түрдүү методикасын мугалимдер сабак учурунда пайдаланып окуучулар менен иш жүргүзүүдө.

Быйылкы окуу жылында мугалимдерге стимул боло турган жогорулатылган айлык акыларды алып туруу учун эмгек паспорттун билим беруунун жакшыртуучу критерийлердин негизинде толтурулду.

Быйылкы окуу жылында баардыгы 430 саат каралган. Башталгыч класстарга 163 саат, 5-9 класстарга 203 саат, 10-11 класстарга 59 саат. Бөлүштүрүлгөн сааттардын негизинде үзгүлтүккө учуратпай окуучуларга сапаттуу билим берүүдө иш жүргүзүп келе жатабыз.

Милдеттер:

Ø педагогдук ишти уюштуруунун усулдары менен түрлөрүн эркин тандап алуу;

Ø педагогдук алдыңкы тажрыйбаны ишке жайылтуу;

Ø өз аброюн жана кесиптик баркын коргоо;

Ø кесиптик иши үчүн тиешелүү шарттарды талап кылуу;

Ø Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте мамлекеттин эсебинен өзүнүн кесиптик деңгээлин жана квалификациясын жогорулатуу;

Ø педагогдук этиканын ченемдерин сактоо;

Ø окуучулардын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынан төмөн болбогон деңгээлде билим берүү программаларын өздөштүрүшүн камсыз кылуу;

Ø окуп жаткандардын өз алдынчалуулугун, окууга чыгармачыл мамиле жасоосун өнүктүрүү, жүрүм-турумунда жогорку адеп-ахлактык ченемдерди калыптандыруу;

Ø өзүнүн кесиптик деңгээлин дайыма өркүндөтүү жана квалификациясын кеминде 5 жылда бир жолу жогорулатуу;

Ø балдарга карата эмоциялык, психикалык, дене-бой зомбулугун колдонууга жол бербөө.

Окуу ишине жетекчилик

кылуу.

Мектепте окуучулар иш алып баруу үчүн ар бир ай боюнча айлык план тузулуп, ар бир иш чаранын жыйынтыгы чыгарылып турат.

Класстык журналдын толтурулушу, күндөлуктордун текшерилиши, мугалимдердин кундолук планынын толтурулушу мектеп администрациясы тарабынан козомолго алынып, анализделинет.

Алфавиттик китепчеге келген, кеткен окуучулар мектептин катчысы тарабынан убагында толукталып, жазылууда. Жаш мугалимдерге окуу пландары, план - конспектилери тууралуу окуу бөлүм башчысы жана насаатчы мугалимдер тарабынан «Кесиптешим, сен үчүн» деген темада семинар өтүлдү..

Биринчи чейректин жыйынтыгынын негизинде билим сапатынын, предметтердин мониторинги чыгарылды

Сентябрь айында кыргыз тил айлыгы өтүп, «Кыргыз тилим менин дилим» деген теманын астында кыргыз тилин сактоо, байытуу учун конкурстар болуп өттү жана отурумда каралып, токтомдоштурулду.

Башталгыч класстардын мугалимдеринин математика, орус тил, чет тил сабактарына катышып, сабактардын структурасы, типтери боюнча кенештер берилип турду.

Математика, физика сабактарынын окуучуларга отулушун козомолдөө учун сабактарына катышып, окуунун ар тараптуу методикасын колдонуу менен билим сапатын остурүү боюнча кенештер берилди. Бардык класстар учун билим сапатын текшеруу максатында администрация тарабынан текшеруу иштери откорулуп, жыйынтыктары чыгарылды.

І чейректин жыйынтыгы боюнча мектепте 12 отличник, 63 ударник болгон.

ІI жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча мектепте 21 отличник, 87 ударник болду.

Жылдык билим сапаты 34 % түздү.

Милдеттер:

i билим берүүнүн гумандуу мүнөзү, улуттук маданий байлык менен шайкеш келген жалпы адамзаттык баалуулуктарга артыкчылык берүү, жарандуулукка, эмгекти, үй-бүлөнү, Ата Мекенди, айлана-чөйрөнү сүйүүгө, патриотизмге жана адам укуктары менен эркиндиктерин урматтоого тарбиялоо;

i ата мекендик, дүйнөлүк илимдин жана эл аралык тажрыйбанын жетишкендиктерине багыт алуу;

i билим берүү процессинин ырааттуулугу жана үзгүлтүксүздүгү;

i орто жалпы билим берүүнүн жалпыга жетимдүүлүгү, билим берүү тутумундагы окуп жаткандардын өсүп-жетилүүсүнүн жана даярдыгынын деңгээли менен өзгөчөлүктөрүнө шайкеш келиши;

i окуп жатышкандардын өзгөчө зээндүүлөрүнүн чыгармачылыгы тынымсыз өсүүсү үчүн шарттарды түзүү;

III.

Тарбиялык иштер.

Жусуп Абдрахманов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин 2018-2019-окуу жылына карата жарым жылдык тарбия иштери боюнча жүргүзүлгөн

иш-чаралар тууралуу тексттик

отчёт.

Сентябрь айы.

Жусуп Абдрахманов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин аянтында 2018-жылдын 1-сентябрында “Билим күнүнө” арналган салтанаттуу линейка болуп өттү. Линейкага 1-11- класстын класс жетекчилери жана окуучулары активдүү катышышты;

Салтанаттуу линейкага ардактуу эс алуудагы ветеран агай – эжейлер жана Ананьево айылынын айыл башчысы Кубат уулу Таалайбек Кубатович келип катышып ѳзүлѳрүнүн каалолорун окуучуларга каалап , ыраазы болуп кетишти.Салтанаттуу линейканы мектептин организатору Оморова Гульнара Акуновна ачып Кыргыз Республиканын Гимни менен башталды.Мектеп парламентинин мүчѳлѳрү даярдаган чакан концерт корсѳтүштү жана биринчи мектеп босогосун аттап жаткан 1”а” жана 1”б” класстын окуучуларын салтанаттуу кабыл алынды,алардын класс жетекчилери болуп Тынчтыкбек кызы Жаркынай жана Оморова Гульнара Акуновна болду. Куттуктоо сѳзү менен мектептин директору Шамбетов Максат Эмильевичке берилди жана ошондой эле бүтүрүүчү класстын класс жетекчиси Айыпова Таалайкүл Асанакуновна куттуктап 11- класстын окуучулары чакан концертин тартулашып биринчи конгуроо жаңыргандан кийин 1-класстын окуучуларын биринчи ачык сабакка узатып коюшту. “Билим күнүнѳ”арналган салтанаттуу линейкадан кийин ар бир класстын окуучулары класстарына киришип Ч.Т.Айтматовдун 90-жылдыгына арналган атайын даярдалып берилген тема боюнча биринчи ачык сабакка катышышты.

-

7-сентябрда Сабаттуулук күнүнѳ арналган салтанаттуу линейка ѳтүлүп,ар бир класста класстык сааттарда класс жетекчилер окуучулар менен билим жѳнүндѳ ар кандай макал лакаптар,ыр конкурстарын , логикалык оюндарды,ар кандай билим жѳнүндѳ ырларды,крассвордторду,ребустарды,табышмактарды айтышып кызыктуу ѳткѳрүштү.

12-сентябрда окуучуларды медециналык кароодон ѳткѳрүп, классттык журналдардын аяккы баракчасына ар бир баланын ден соолук баракчасы толтурулду.

Жана ошондой эле мектептин “Достук уюмунун парламентинин шайлоосу ѳттү. Бул шайлоого “Достук “уюмунун ортонку “Жеткинчек”баскычы 5-7-класстын окуучулары жана “Жаштык “баскычынын 8-11-класстын окуучулары катышышып мектеп парламентин шайлап алышты.Мектеп президентине 3 окуучу кыздар кандидатурасын коюшуп ѳз программасы менен тааныштырып кетишкен.Алар 8”б” класстын окуучусу Батырбек кызы Элнура,9-класстын окуучулары Исмаилова Акниет жана Эсенбек кызы Диана. Шайлоого 182 окуучу катышып алардын добушу менен 120 добушту Эсенбек кызы Диана мектеп президенти болуп шайланды.

14-сентябрда жаңы шайланган мектеп парламентинин мүчѳлѳрү рейд жүргүзүп ар бир окуучуларды формаларын текшерип андан кийин тегерек столдо мектеп тартиби жана окуучулардын формасы тууралу суйлошулду.Ар дайым рейд жүргүзүп форма кийбеген окуучулар менен иш жүргүзүү сүйлошүлдү.

.

15-сентябрга Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнө мектептеги тоголок жетим, социалдык жетим, мектептин Ж.Ө.И. каттоосунда турган, көп балалуу, аз камсыз болгон, жайсыз үй бүлөөдө, майып жана өзгөчө муктаждыкка ээ окуучулардын тизмеси берилди;

24-сентябрда «Кыргыз тил - мамлекеттик тил» күнүнѳ арналган салтанаттуу линейка ѳтүлүп 7- класстын окучулары даярдаган концерттик программа корсѳтүштү. Жана РайООндон келген буйругу менен үч айлык иш чара пландалып ѳткѳрүүдѳ.

Кыргыз тилинин Мамлекеттик тил болуп кабыл алынгандыгына арналган «Мамлекеттик тил өлкөбүздү башкарсын, Кыргызстанда кыргыз тили даңкталсын» деген темада ар бир класста класстык сааттар ѳткѳрүлдү жана ушул эле күнү «Элсиз тил болбойт, тилсиз эл болбойт» аттуу темада дубал газетасынын сынагы ѳтүлдү.

Октябрь айы.

Октябрь айын 1-күнүндө карылар күнүнө карата «Карысы бардын ырысы бар» деген темада мектептеги 15 класска бекитилип берилген 15 кары адамга открытка жана гүлдесте алып үйлөрүнө барып куттуктап келишти жана тимурдук команда түзүлүп кары адамдарга жардам беришти. Бул иш-чарага бардык класстар активдүү катышышты;

5-октябрь күнү «Мугалим –мөмөлүү дарак» аттуу мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу линейка болуп өттү. Бул линейкага мектеп парламентинин мүчѳлѳрү активдүү катышты жана 10-класстын окуучулары мугалимдерге арнап концерттик программаны мугалимдерге тартулашты.

1-11-а класстар арасында Ысык-Көл районунунун Мамлекеттик администрациясы тарабынан жарыяланган үч айлыктын ІІ декадасы өтүлүп, «Эне тилим — эне сүтүм» темасында дубал газета конкурсу болуп өтүп жыйынтыгы төмөнкүдөй болду

Дубал газеталар конкурсу боюнча:

Жогорку класстар боюнча

I орун 6-а класс, класс жетекчисиДюшенов Э.А.

II орун 6-б класс, класс жетекчиси Оморова Г.А.

III орун 10-А класс класс жетекчиси Касымалиева Г.Ш.

Башталгыч класстар боюнча

I орун2-класс класс, класс жетекчиси Маткеримова Г.А.

II орун 1-а класс, класс жетекчиси Тынчтыкбек кызы Жаркын.

III орун 4-Б класс класс жетекчиси Асаналиева У.А. .

«Кыргыз тилим кымбат тил» аттуу темада 1-11-класстар ортосунда буклеттер конкурсу болуп өттү.

10-октябрда башталгыч класстар арасында «Экология баланын кѳзү менен» деген темада сүрөт конкурсу жана 5-7 класстар арасында таштандылардан жасалгалоо, 8-11-класстар арасында дил баян жазышып жыйнтыктары чыгарылып, эң жакшы баага татыгандар райондук конкурска жөнөтүлдү. Мактоо баракчасы менен 6”б” класстын окуучусу Шакирова Адел ээ болду.

15-октябрь күндөрү «Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан» темасында көркөм окуу, манас айтуу, жекече ыр конкурстары жана сахналаштырылган Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлѳр кѳрсѳтүлдү.

20-октябрда «Күз берекеси » темасында 1-11-класстар арасында конкурс болуп оттү.

.

Ноябрь айы.

12-ноябрь күнү «Биз кылмыштуулукка каршыбыз» деген темада 8-11-класстар арасында атайын түзүлгөн программа боюнча К.В.Н. өтүлдү. 8-а, 9-а, 11-а класстарынын окуучулары класс жетекчилер менен бирдикте жакшы даярданып келишкен.

К.В.Н. дин жыйынтыгында:

I орун – 8-А класс класс жетекчисиКубанычбек к.Элзат.

II орун – 10-А класс класс жетекчиси Айипова Т.А.

III орун – 9-б класс класс жетекчиси Мендебаева Ф.А.

16-ноябрда 9-11-класстар менен бирдикте «Жаштар наркотикке каршы» деген темада тегерек стол өткөрүлдү;

19-ноябрь күнү Н.Я. Ананьевдин туулган күнүнө арналган салтанаттуу линейка өткөрүлдү. Линейка үч этап менен пландаштырылып жана өтүлдү;

Биринчи этапта ар бир класстан Н.Я.Ананьевдин өмүр жолуна карата түзүлгөн тест алынды. Экинчи этапта Н.Я.Ананьевдин туулган күнүнө арналган линейка өткөрүлдү. Үчүнчү этапта линейканын аягында жыйынтыктоо максатында Н.Я.Ананьевдин эстелигине 11-класс тарабынан даярдалган «Гүлчамбар» коюлду;

25-ноябрь күнү башталгыч класстары менен «Жаратылыш жана мен» деген темада уюшулган сүрөт, кол эмгек көргөзмөсүнө күбө болдук. Бул көргөзмө атайын мектеп парламент бөлмөсүнө даярдалган көргөзмөнү даярдоого башталгыч класстарынын класс жетекчилери, М.П. окуучулары жана сүрөт мугалими Мусаева Э.М менен аткарышты.

Декабрь.

1-декабрь «Бүткүл Дүйнөлүк ВИЧ-СПИД ке каршы күрөшүү күнүнө» карата атайын түзүлгөн айлык иш пландын негизинде өткөрүлгөн иш чараларды жыйынтыктап 8-11-класстар арасында «СПИД – XXI кылымдын табышмактуу дарты» деген темада тегерек стол ѳткѳрүлдү жана зоналдык 10 мектеп арасында“Биз СПИД ке каршыбыз “ аттуу мектептер арасында таймаш ѳткѳрүлгѳн :

3-декабрь «Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө» карата Ананьево айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга атайын даярдалган концерттик программа менен чакан концерт коюлуп балдар ѳз колу менен жасалган белектерин тапшырып

беришти

16-декабрда 8-11-класстар арасында «Кылмыш – деген эмне?» деген темада дебат

болуп өттү;

26-декабрда Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнө арналган салтанаттуу линейка өткөрүлдү. Бул иш чарага мектептин кыргыз тили жана адабият мугалими Мендебаева Ф.А. жана тарых мугалими Маткеримова Б. окуучуларды даярдап эскерүү линейкасын ѳткѳрүштү.

27-28-декабрь күнү «Жаңы Жыл – 2019» аттуу темадагы жаңы жылдык балаты майрамы график боюнча мектеп парламентинин мүчѳлѳрү ѳткѳрүштү.Жана ошондой эле Ананьево айлындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга Ананьево айылынын социалдык адистери менен бирдикте атайын даярдалган программасы менен мектептин окуучулары балаты майрамын ѳткѳрүштү.Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга даярдалган белектер берилип жагымдуу маанай түзүлдү. Кеченин сценарии тапшырылган.

Милдеттер:

ÿ Мектеп окуучуларынын “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” сыяктуу өзүн-өзү башкаруу органдарын, уюмдарын өнүктүрүү;

ÿ Элдик рухий-адептик, патриоттук нарк-дөөлөттөрдү жана жалпы адамзаттык адеп-ахлак кенчтерди өздөштүрүү максатында мектепте фестивалдарды, жумалыктарды, декадаларды, конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду, көргөзмөлөрдү, концерттерди, кароолорду, конкурстарды, мелдештерди, ийримдерди, кечелерди, майрамдарды ж. б. иш-чараларды туруктуу уюштуруп, өткөрүп турууну салтка айландыруу;

ÿ Тарбиянын массалык формаларын: тарбия жумалыгын, тарбия он күндүгүн (декадасын), окурмандардын конференциясын, тематикалык кечелерди, суроо-жооп кечелерин, кароолорду, конкурстарды, олимпиадаларды, көргөзмөлөрдү, өмүрү өрнөк адамдар менен кызыктуу жолугушууларды, тарбия оюндарын уюштуруу;

ÿ Тарбиянын топтук (группалык) формаларын: класстык сааттарды, экскурсияларды, ийримдерди, ар түрдүү коллективдүү тарбия иштерин туруктуу өткөрүп туруу;

ÿ Тарбиянын жекече (индивидуалдуу) формаларын: жекече китеп окууну, жекече бош убактыны пайдалуу өткөрүүнү, баланын өзүн-өзү тарбиялоосун, кызыккан оюнун уюштуруусун калыптандыруу;

IV.

Мектептеги ички

көзөмөл.

Ички козомолдогу корсотулгон иш чаралар пландар боюнча толугу менен аткарылып, мектеп директору менен окуу бөлүмүнүн башчысынын козомолундо болду.

Сентябрь.

Кыргыз тили Мамлекеттик тил жумалыгын өткөрүү дил баяндарды жаздыруу, дубал газеталарды чыгаруу менен бирдикте иш чаралар жыйынтыкталды. Мугалимдердин календардык планы, журналдар, тарбия пландары 4-сентябрдан 15-сентябрга чейин бекитилди. 5-6-сентябрда окуучуларга китептер таркатылды.1-11 класстардын окуучулары китептин

60 % менен камсыз болушту.

Октябрь.

Класс кабинеттердин жабдылышы санитардык абалы каралып чыкты. Класстык журналдар текшерилип, журналдарды толтуруу,баа коюуу боюнча кемчиликтер кетирген тиешелүү мугалимдерге журнал толтуруу боюнча эскертүү берилди. Класстар арасындагы жазуу иштер, тест боюнча дептерлердин абалы, баанын коюлушу текшерилди. Октябрь айында «Башат» башталгыч класстар бирикмесинде декада өткөрүлүп ачык сабактар оз убагында болуп, сабактын этаптары, максаттары тууралуу кенири талкуулар, сабактын анализи, окуучулардын окуу билим сапаты текшерилип педагогикалык кеңешмеде каралды.

Чейректик текшеруу иштердин журушу, тесттердин алынышы козомолдонду.

Ноябрь.

5-11 класстарда окуучулар интеллектуалдуу марафон откорулуп, жеңүүчүлөр мектепте өткөрүлгөн Олимпиаданын I туруна катышып райондук олимпиадага жолдомо алышты. Окуудан жетишпеген окуучулар менен иштоо планы тузулду. Гуманитардык багытындагы предметтердин дептерлери, иш кагаздары каралды. Окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түнкү рейд жургузулуп, ата-энелер менен бирдикте иш алынып барылып турду. Түнкү рейд учурунда окуучулар үйлөрүндө ата-энелеринин көзөмөлүндө экени аныкталды. Өзүн өзү башкаруу уюмунун иштери боюнча отчет алынды.

Декабрь.

Мектеп ичинде откорулгон предметтик олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылды. Класстардагы окуу китептердин сакталышы боюнча жургузулгон рейддин жыйынтыгы чыгарылды. Табигый-математика багытындагы бирикменин декадасы өткөрүлүп ачык сабактар болду. Сабактарга традициялык эмес сахна сабактары өтүлүп, бирикменин мугалимдери аркылуу анализ берилип тийиштүү кеңештер айтылды. Декаданын жыйынтыгын администрация тарабынан предметтер боюнча кыскача тест, текшерүү иштерди алып иш чараларды жыйынтыктады. Иштелген иш чаралар анализденип II педагогикалык кеңешмеде каралып, талкууланды.

Милдеттер;

¯ Бардык деңгээлдеги, бардык тепкичтердеги мугалимдер кургак сөз менен чектелбей, аӊгеме, түшүндүрүү, лекция, этикалык маек, диспут, проблемалуу кырдаалдарды түзүү, үйрөтүү, көнүктүрүү, машыктыруу, ынандыруу, өзүн-өзү тарбиялоо, адептик үлгү-өрнөк көрсөтүү, көрсөтмө, тапшырма берүү, талап коюу, материалдык жана моралдык кызыктыруу, мелдеш, жекече мамиле, интерактивдүү аракеттенүү, сынчыл ойлом, «мээ чабуулу» ж.б.у.с. турмуштун сыноосунан өткөн усулдук ыкма, айла-амалдарды колдонуу;

¯ билим берүүнүн сапатын жогорулатуу;

¯ бардык балдарга бирдей сапатуу билим берүү;

¯ билим берүүнүн мазмунун жана методикасын жакшыртуу;

¯ куррикулум аркылуу бардык окуучулардын интеллектуалдык, социалдык, жеке жана физикалык өнүгүүсүн чагылдыруу;

¯ сабаттуулукка ээ болуу аркылуу пикир алышуу көндүмдөрүн жана шар сүйлөөнү тезирээк өнүктүрүү;

¯ чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн жана ойлонууну өнүктүрүү;

¯ окуучуларды окутууда руханий, моралдык, социалдык, маданий, эмоционалдык, интеллектуалдык жана физикалык өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;

¯ окуунун эрте көндүмдөрүнүн өнүгүүсүндө үй менен үй-бүлөнүн колдоосуна ээ болуу;

¯ оозеки кепти өнүктүрүү;

¯ жаза билүү көндүмдөрүн өнүктүрүү;

¯ карточкаларды жана сүрөттөрдү колдоно билүүгө;

¯ окуучулардын эсептөө көндүмдөрүн өнүктүрүү;

¯ топто иштөөгө, жубу менен иштөөгө, бүт класска сабак берүүгө, айрым окуучулар менен иштөөгө

V.

Методикалык кеңешме.

Усулдук кеңешменин курамына 5 мугалим кирген. Усулдук кеңешменин І кеңешмесинде усулдук кеңешменин «Флагман» аттуу ат кабыл алынып, иш-чаралардын пландары бекитилди.

Усулдук кеңешменин жетекчиси: Окуу бөлүм башчысы Касымалиева Г.Ш.

Мүчөлөрү:

«Эрудит» табигый математика бирикмесинин жетекчиси – Айипова Т.А.

«Ынтымак» гуманитардык бирикменин жетекчиси – Мендебаева Ф.А.

«Башат» башталгыч класстар бирикмесинин жетекчиси –Маткеримва Г.А..

План боюнча каралган усулдук кеңешмелер өз убагында өткөрүлүп жыйынтыктары чыгарылып анализденди. Төмөнкүдөй иш чаралар аткарылды.

Сентябрь.

2017-2018-окуу жылына SWOT-анализ жүргүзүлдү. Откөн окуу жылында кетирилген кемчиликтер мисалы: предметтик декадалар өтүлгөн учурда ачык сабакты өтпөгөн жана сабакты өз деңгээлинде жеткиликтүү сабакты максатына жеткирип өтө албаган мугалимдер менен жакындан иш алып баруу үчүн насаатчы мугалимдерге жаш мугалимдер бекитилип берилип, түшүндүрүү иштери метод бирикмелердин жетекчилерине милдеттендирилди. 2018-2019-окуу жылына усулдук кеңешменин иш планы талкууланып жана бекитилди. Мектептин тажрыйбалуу жана Эл агартуунун отличниктери болгон мугалимдер М. Мендебаева Ф.А. Айипова Т.А. Маткеримова Г.А. Касымалиева Г.Ш. Бокошева Ж.К. Оморова Г.А. Өмүрбекова Г.Н. чыгармачыл мугалимдердин тобун түзүштү. Жаңы окуу жылына иш чаралардын пландарын түзүп, жаш мугалимдерге методикалык жардам берип туруу жагы милдеттендирилди жана өзүлөрүнүн иш тажрыйбасын жайылтуу менен окуутунун сапатын жакшыртуу жагы талкууланды. Ар бир мугалимге таланттуу окуучулар менен өзгөчө иш жүргүзүү, Олимпиадага даярдоо жактары бекитилип берилди.

Октябрь.

Интеллектуалдык марафонго даярдык көрүлүп ар бир предметтик мугалим тапшырмаларды даярдашты. Октябрь айынын 18-19-20-күндөрү мектепте 5-11-класс арасында интеллектуалдык марафондун І, ІІ, ІІІ туру өткөрүлдү. Эң жакшы көрсөткүчтү б.а. І орун 11-класстын окуучусу Эркинбек кызы Жанара , 10-А классынын окуучулары Калдыбаев Актилек жана Мирбек Айдай,ІІ орунду 11-А классынын окуучусу Таалайбек кызы Мадина, 10-А классынын окуучусу Мухтарбек кызы Айчурок , ІІІ орунду 9-А классынын окуучусу Мажитова Мунара, татыктуу болушту. Төмөнкү көрсөткүчтү 8-А классынын окуучулары көрсөтүштү, себеби, ІІІ турдун тапшырмасын өз убагында алып келишкен жок. 5-10-класстар боюнча Мамлекеттик стандарт «Компетенттүүлүк » деген темада семинар өтүлүп талкууланды. Сабакка колдоно турган турган кээ бир элементтин ылайыктуулугу жактырылды. Таланттуу окуучулар менен иш жүргүзүү ар бир предметтик мугалимдер өз убагында аткаруу жагы көзөмөлгө алынып турулду.

Ноябрь, декабрь.

Класстык журналдардын, окуучулардын күндөлүктөрүнүн толтурулуш абалы көзөмөлдөнүп анализ берилди. Жыйынтык боюнча башталгыч класстардын ичинен 1-А классынын журналы класс жетекчиси Ибраева Б.А. начар толтурулган, окуучулардын тизмелери алфавиттик тартипте толтурулган эмес. Ал эми жогорку класстар боюнча 11-А классынын журналы класс жетекчиси Рахманова М. тарабынан начар толтурулган жана окуучулардын тизмелери алфавиттик тартипте туура эмес жазылган. 10-А классынын журналы класс жетекчиси Мусаева Ч.К. тарабынан журналдын акыркы беттери өз колу менен толтурулган эмес. Булганган, туура эмес толтурулган журналдарга предметтик мугалимдердин да тиешеси бар. Мисалы: Калчекова Э.Д. Дүйшөбаева М.Б. Өмүралиев А.Д. Мусаева Ч.К. Мектеп ичиндеги олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылып жеңип чыккан окуучуларды райондук масштабда өтүлө турган олимпиадага даярдоо предметтик мугалимдерге милдеттендирилди. 2-4-класстын окуучуларынын окуу техникасын түшүнүп окуусун текшерүү менен анализденип мониторинг түзүлдү. Башталгыч класстардын мугалимдерине окуучулар менен окуу техникасы тездетүү жана түшүнүп окуу жагын көзөмөлгө алуу милдеттендирилди.

Предметтик ийримдер

Мектепте предметтик ийримдер таланттуу балдар менен иш алып барат. Ар бир ийримдин иш пландары, иш чаралары түзүлгөн. Мектепте төмөндөгүдөй ийримдер иштейт:

Бул ийримдерде окуучулардын логикалык ой жугуртүүсүн өстүрүү үчүн ар кандай кошумча, тапшырмалар берилип, мугалимдер талыкпай эмгектенүүгө шарт түзүлгөн.

Окуудан жетишпеген, сабакты начар өздөштүргөн окуучуларга атайын анкеталар мугалим тарабынан карточкалар түзүлүп, тизмелери такталып, пландары бекитилди. Окуучулардын өздөштүрүү жөндөмдүүлүгүнө жараша кошумча тапшырмалар берилип көзөмөлгө алуу ар бир мугалимге милдеттендирилди.

“Башат” ийриминде мугалим окуучулардын окуу кѳндүмдѳрүн ѳнүктүрүү жана түшүнүп окууну ѳстүрүү боюнча иш жүргүзѳт.

“Чебер колдор” ийримдеги окуучулардын иштеринин кѳргѳзмѳлѳрү уюштурулуп жыйынтыктала

Милдеттеме.

¤ Мамлекеттик стандар аркылуу бардык окуучулардын интеллектуалдык, социалдык, жеке жана физикалык өнүгүүсүн чагылдыруу;

¤ Балдардын турмуштук илимий түшүнүктөрүн, адеп –ахлактык сапаттарын, дүйнө таанымдарын, көз караштарын калыптандыруу;

¤ Окуучулардын билимдердин, көндүмдөрдүн жана билгичтиктердин системасы менен камсыздоо;

¤ Өздөштүрүүгө, бышыктоого, кайталоого, өз алдынча иштөөгө ыңгайлашкан материалдар менен камсыздоо;

¤ Баанын стимул берүүчүлүк жана таалимгерлик мүмкүнчүлүктөрүн орундуу пайдалануу;

¤ Окутуу аркылуу окуучунун чыгармачыл жөндөм эсептөө көндүмдөрүн, таанып билүү кызыгууларын, эркин эске тутуусун, элестөөлөрүн, жазуу, чийүү, аткаруу көндүмдөрүн калыптандыруу, көнүктүрүү.

¤ Окуучуларды окутууда руханий, моралдык,социалдык, маданий, эмоцианалдык, интеллектуалдык өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;

¤ Сабак окутууда инсанга багыттап окутуу технологиясына таянып концептуалдуу максаттуу багытты тандоо;

¤ Окутуудагы коммуникативдик башталыш кеп ишмердүүлүгүнүн ар түрдүүлүгүн пайдалануу, аларга дифференциалдуу мамиле жасоо;

¤ Окуу материалдарын берүүгө структуралык-функционалдык мамиле жасоо;

¤ Окуу материалдарын жөнөкөйдөн татаалга, жеңилден оорго багытталган суроолорду түзүп, окуучуларды чыгармачылыкка шыктандыруу;

¤ Тилди үйрөтүүдө окуучулардын мүмкүнчүлүгүнө жараша өнүктүрүүчү тапшырмаларды берүү;

¤ Сабаттуу жазууга жатыгуу иштерин жүргүзүү.

VI.

Педсоветтер жана директор алдындагы

кеңешмелер.

Сентябрь.

1. Окууга келбей жаткан окуучулардын эмне себептен келбей жаткандыгы такталды, окуучулук кийими жок мектепке келе албай жаткан окуучулардын тизмеси түзүлдү.

2. Мектеп окуучуларын окуу китептери менен камсыз кылуу менен бирге жетпеген керектүү китептердин саны такталды.

3. Класстык журналдардын жана окуучулардын өздүк делолору тууралуу маалымат берилди.

4. Мектеп ичинде тоголок, жарым, социалдык жетимдер жана кароосуз калган балдар, жайсыз үй-бүлө, Ж.Ө.И. каттоосунда турган окуучулар, мектеп каттоосунда турган окуучулар такталды жана иш-чараларды жүргүзүлдү.

Октябрь.

1. Класстык журналдарды текшерилип жана кемчиликтерди жоюу менен жыйынтык чыгарылып турду.

2. Мектеп окуучуларын предметтик Олимпиадага даярдалды жана тизмеси түзүлүп бекитилди.

3. Окуучулардын күндөлүктөрүн текшерилип жыйынтыктар чыгарылды.

4. Мектепти кышка карата отун-көмүр менен камсыз кылынды.

5. Интеллектуалдык марафон өткөрүлдү.

6. І чейректи жыйынтыктоо үчүн көрүлгөн даярдыктар каралды.

Ноябрь.

Окуучулардын сабакка катышуусу, сабактан кечигуусу, дежурствонун аткарылышы боюнча маалымат берилди. Сабактан коп калтырган жана коп кечиккен окуучулардын класс жетекчилерине эскертуу берилип, бул окуучулардын ата-энелери менен тыгыз байланышта болуп иш алып баруусу ар бир класс жетекчи мугалимдерге милдеттендирилди.1-4-класстардын тамактандыруусу жонундо Искакова Н.Т. билдируу жасады.

Декабрь.

Таланттуу балдар менен иштоонун журушу боюнча жыйынтык чыгарылып каралды. Предметтик олимпиаданы өткөрүү боюнча комиссия тузулуп. Төмөнкү курамда бекиди:

Комиссиянын төрайымы:

Окуу бөлүм башчысы Касымалиева Г.Ш.

Комиссиянын мүчөлөрү:

1.Айипова Т.А

2.Мендебаева Ф.А

3. Эгимбаев К.Б.

4. Маткеримова Г.А.

Экзамендердин материалдарын даярдоо, райондук, областык, кароо- сынактарга олимпиадаларга карата иш чараларды уюштуруу, даярдануу иш чаралары завучка милдеттендирилди.

Милдеттер:

R мамлекеттик билим берүү саясатын, билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиясын түзүү жана жүзөгө ашыруу, бул чөйрөдөгү артыкчылыктарды аныктоо;

R билим берүү жаатындагы мамилелерди жалпы мамлекеттик деңгээлде укуктук жактан жөнгө салуу;

R мектепте окуу-илимий-усулдук жактан жетекчилик кылуу;

R мектепти маалыматтар менен камсыз кылуу, окуу адабияттарын жана окуу куралдары менен камсыз кылууну уюштуруу;

R окутуунун ченемдик мөөнөттөрүн билим берүүнүн деңгээлдери боюнча аныктоо;

R билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын белгилөө;

R билим берүүнү өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана эл аралык программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

R билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо;

R камкорчулук жана билим берүү кыймылдарына колдоо көрсөтүү жана аларды өнүктүрүү;

R мыйзам тарабынан ага берилген ыйгарым укуктардын чектеринде кадр саясатын жүзөгө ашыруу.

VII.

Ата-энелер менен иштөө.

Сентябрь айында жалпы ата-энелердин чогулушу 9-сентябрда мектепте болуп өттү. Бул чогулушта жалпы ата-энелер тарабынан Ургалиев К.Т. жалпы мектептин ата-энелер комитетинин төрагасы болуп шайланып жана бекитилди. Мүчөлөрү Акматова А, Айсакова Надира болушту. Бул чогулушта жыл ичинде иштелүүчү иш чаралардын планы түзүлдү Мугалим, ата-эне, окуучу ортосунда 3 тараптуу келишим түзүлдү. Сабакты кѳп калтырган жашоо шарты оор балдардын ата-энелери менен ангемелешүү класс жетекчи администрация ортосунда болду.

Ар бир класс ата-энелер чогулушун сентябрь айында өткөзүшүп, жыл бою мектеп менен тыгыз байланышта болушун класс жетекчилер билдиришти. Бул чогулушта аталар жана энелер коому түзүлүп аларга жыл ичинде өткүзүлүүчү иш чаралардын мазмуну тааныштырылды.

Тартиби начар окуучулар мектептин ички каттоосуна алынып, профилактикалык курамдын мүчөлөрү менен бирдикте 16-сентябрь күнү отурум болуп өттү, көзөмөл дептер ачылды. Демилгелуу ата-энелер менен бирдикте окуу жылында ар кандай конкурстар уюштурулуп, мектепте өткөрүлгөн иш чараларга бир топ жеңилдикти берди. Андан сырткары ата-энелер менен бирдикте октябрь айында ата-энелер менен бирдикте «Мугалим, окуучу, ата-эне» деген темада тегерек стол өткөрүлүп, «Мугалим менен окуучунун пикир келишпестиги» аттуу темада доклад окулду.

Октябрь айында «Ата-эне, мугалим жана окуучу» деген темада ата-энелер менен бирдикте тегерек стол өтүлдү. Тегерек столдун негизги темасы «Мектеп формасы» деп аталып кызуу талкуу жүргүзүлдү. Бул тегерек столдо окуучулардын сабакты көп калтыруулары тууралуу маселе да козголду. Ата-энелер мындан ары да мектеп менен тыгыз байланышта болуп, кызматташуу ниеттерин билдиришти.

Декабрь айында 17де райондук жетекчилиги астында Ж.Ө.И. инспектору, Айылдык оорукананын дарыгерлери, Айыл Өкмөтүнүн жетекчилиги, айылдык имамдын катышуусу менен «Кылмыштуулукту болтурбоо, алдын-алуу» деген темада ата-энелер чогулушу өтүлдү.

жардамы менен жана 5 миңге бааланган түстүү принтер алынып ата-энелерге маалымдама берилди.

Милдеттер:

% Ата-энелер негизги билим алууда балдардын жашоосу, окуусу жана алардын шыгын өөрчүтүү үчүн талаптагыдай шарттарды түзүүгө, алардын дене-боюнун жана психикалык саламаттыгына дайыма кам көрүүгө;

% баланын ар намысын ызаттоого, эмгекти сүйүүгө, мээримдүүлүк жана боорукердик сезимдерин ойготууга, үй-бүлөгө, жашы боюнча улууларга, мамлекеттик жана эне тилге, элдик үрп-адаттарга, салттарга ызаттоо менен мамиле жасоого тарбиялоого;

% элдин улуттук, тарыхый, маданий баалуулуктарын урматтоого, тарыхый-маданий мурастарга жана айлана чөйрөгө аяр мамиле жасоого, Ата мекенди сүйүүгө тарбиялоого;

% мектеп менен үзгүлтүксүз кызматташууну (ата-энелер чогулуштарына катышуу, мугалимдердин баланы окутуу жана тарбиялоо боюнча педагогдордун сунуштамаларын аткаруу) колдоого;

% ата-энелер мектептин аймагынан сырткары, окуудан тышкары убакта болгон балдардын саламаттыгы жана өмүрү үчүн толук жоопкерчилик тартууга;

Социалдык педагогдун

иш-чаралары.

Сентябрь айы

  • Жусуп Абдрахманов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде социалдык педагогунун жана Ананьево айыл аймагынын социалдык адиси менен биргелешип план түзүлүп системалдуу турдө иш алып барууда. Сентябрь айында балдарды жашоо шартын иликтеп, социалдык сурамжылоо, диагностикалык изилдөө жүргүзүп социалдык паспорту түзүлдү;

    • 2019-жылдын сентябрь айында экинчи жумасында ата-энелердин отуруму болуп өттү. Ата-энелер менен бирдикте профилактикалык кеӊештин курамы түзүлүп анын жылдык иш планы иштелип чыгып бекитилди. Ал чогулушка ата-энелер, мектеп жааматы, жана айыл айыл аймагынын мүчѳлѳрү катышышты;

  • Айдын үчүнчү жумасында ЖИИ нин кызматкери менен бирдикте сабакка келбеген балдардын үйлѳрүн кыдырып, ата-энелер менен сүйлѳшүү жүргүзүлдү;

  • Сентябрдын аягында окуучулардын тизмелери боюнча тактоо жүргүзүлдү:

Ø тоголок жетим;

Ø социалдык жетим;

Ø жарым жетим;

Ø инвалид жана мүмкүнчүлүгү чектклген окуучулар;

Ø аз камсыз болгон үй-бүлѳлөр;

Ø турмуш шарты оор үй-булѳлөр;

Ø кѳп балалуу үй-бүлѳлөр;

Ø мектеп каттосунда турган окуучулар;

Ø райондук ЖИИ каттоосунда турган окуучулар;

Ø сабакка келбеген окуучулар;

Ø ата-энеси чет жакта иштеген окуучулардын тизмеси;

Ø камкорчулардын (опекундардын) колунда жашаган окуучулар;

Ø мечитке барган балдардын, хиджап кийген кыздардын тизмеси;

  • Сентябрь айынын шаршемби күнү сайын профилактикалык күн деп жарыяланып план боюнча ЖИИ нускоочусу менен рейдке чыгып иш жүргүзүлүп турду жана протокол жазылып турду;

Октябрь айы

  • Айылдык социалдык адиси менен бирдикте өздүк документи жок окуучуларга документин толуктап, тактап калыбына келтирүүгө жардам берилди.

Системалдуу түрдө:

¹ сабакка келбеген окуучуларга үйлөрүнө рейддер жасалып ата-энелери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, балдарды окууга тартылды;

¹ сабак учурунда окуучулардын мектеп аймагынан сырткары жүргөндөрдүн себеби аныкталып иш чаралар жүргүзүлдү;

¹ жолдоштору менен тил табыша албаган окуучулар менен аңгемелешүү, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү;

¹ үй-бүлөсүндө шарт түзүлбөгөн, ата-энеси ичимдикке берилген окуучулардын үйлөрүнө рейддер уюштурулуп ата-энелери менен сүйлөшүлөр жүргүзүлдү;

¹ Д.М.Ч. окуучулар менен атайын иш жүргүзүлүп турду жана демөөрчүлүк жардамдар берилди;

¹ ЖИИ жана мектеп көзөмөлүндөгу окуучулардын үйлөрүнө рейддер уюштурулуп, маектер жүргүзүлүп жана сабакка келбеген окуучулар көзөмөлгө алынды;

¹ мечитке барган окуучулар жана жиджап кийген окуучу кыздар менен иштер алып барылды;

¹ сергек жашоого үндөө менен окуучулар арасында ар кандай спорттук оюндар уюштурулду жана жеңүүчүлөргө ар түрдүү белектер жана мактоо баракчалары таратылды;

    • «Кылмыш деген эмне?» темада ЖИИ нускоочусу менен биргеликте 7-11-класстар арасында дебат уюштурулду;

    • Октябрдын экинчи жумасында башталгыч класстар арасында «Уурулук – бул кылмыш» деген темада конкурс ѳткѳрүлдү. Ар бир класс темага байланыштуу дубал газетасын, буклет, инсценировка, макал-лакаптар, ырлар даярдашты жана конкурска катышышты;

    • ЖИИ нускоочусу Мамбетова М.Ж. жогорку класстын окуучулары менен жолугушуу уюштуруп, «Суициддин алдын алуу» темадагы маектешүү ѳтүлдү;

    • Окучулардын ѳздүк документтерин тактоо иштери жүргүзүлүп, документи жок окуучулардын тизмеси такталып, өздүк документтерди алууга көмөк көрсөтүлдү;

    • Мектеп жетекчилигине, педагогикалык жааматка жана ата-энелер менен окуучулардын ортосундагы укуктук мамилени жөнгө салуу, жаш муундарды тарбиялоо, максатында алдын алуу Кеӊештери түзүлдү;

· Окуучуларга КРнын «Балдар жѳнүндѳгү» кодекси, КРнын кылмыш-жаза жана Административдик кодекстери менен таныштырылды.

Ноябрь айы

· ФАП кызматкерлери менен жогорку класстын окуучулары «Өздүк гигиена» темасында маектешүү ѳтүлдү;

· ЖИИ кызматкери жана айылдык социалдык кызматкерлер менен биргеликте кашарларды кыдырып, сабакка тартылбаган окуучулардын санын тактоо жүргүзүлүп, сабакка тартылбаган окуучулар жок болуп чыкты.

·

· ЖИИ инспектору, жаштар милициянын жардамчылары менен балдарды жол транспорт кырсыктарынан алдын алуу жана жол эрежелерин жайылтуу боюнча отрядтары түзүлдү. «Кѳӊүл бургула балдар!» аттуу темада башталгыч класстардын арасында класстык сааттар ѳтүлдү;.

· Спорт министри, дене тарбия мугалиминин жардамы менен «Маданий, спорттук иш аралар аркылуу кылмыштуулукту болтурбайбыз!» урааны астында спорттук мелдештер, кароо сынактар ѳткѳрүлдү.

P I орун – 10-класс;

P II орун – 11-класс;

P III орун – 9-класс ээ болушту жана атайын мактоо грамматасы менен сыйланышты.

Декабрь айы

  • “Биз СПИД оорусуна каршыбыз!” бир айлык жарыяланып иш чаралар болуп өтүлдү:ар бир жогорку класстар дубал газеталарын чыгарышып мектепке бекитилген дарыгердин жардамы менен тегерек стол өтүлдү;

· Биринчи жумасында «Биз кылмыштуулукту кантип азайтабыз» деген темада ата-энелер чогулушунда ЖИИнин кызматкери Мамбетова Мадина Жолдошбековна лекция окуп маектешүү болуп ѳттү. Бул чогулушта ата-энелер кѳп суроо берип активдүү катышышты;

· “Тамеки, насвай – ѳмүргѳ зыян” темасында жогорку класстарынын арасында тегерек стол ѳтүлүп анкета-тест алынды, дубал газеталар чыгарылды жана дил баяндар жазылды;

· Отуруштарды уюштургандарга каршы рейд класс жетекчилери менен жүргүзүлүп түшүнүк каттар жазылды.

·

  • Айылдык социалдык адиси менен бирдикте КРнын “Балдар жөнүндөгү” Кодексинин, КРнын кылмыш жана Административдик Кодекстеринин жоболорун түшүндүрүү максатында семинар отүлдү;

    • ЖИИ менен бирдикте «Мектеп рэкетине жол жок!» темасында тегерек стол ѳтүлдү. Башталгыч класстардын окуучулары рэкет жѳнүндѳ инсцинировкаларды коюп беришти, ар кандай суроолор берилип кызыктуу ѳтүлдү. Аягында видео роликтер кѳрсѳтүлдү;

    • ФАП кызматкери менен жолугушу “ Грипптен кантип сактанабыз” темасында маектешүү болуп ѳттү.

· Бул чогулушта «Ата-эне, мектеп, окуучу бирдикте» кылмыштуулукту кантип жоебуз темасында маектешүү болуп ѳттү. Бул чогулушта ЖОИ инспектору Олжобаева А.О. мектеп жамааты ата-энелер катышышты.

ЖИИ кѳзѳмѳлүндѳ турган окуучулар менен иш алып баруу.

Жусуп Абдрахманов атындагы жалпы билим берүү мектебинде 2019-2020окуу жылында ар кандай кылмыш жасагандыгы үчүн мектептин жана ЖИИ нин кѳзѳмѳлүнѳ 4 окуучу катталган.

- Окуу жыл бою мектептин каттоосунда жана ЖИИ көзөмөлүндө турган окуучулар менен иш алып барып жыйынтыгында балдар сабактан тышкаркы иш чараларда активдүү катышкандыгы үчүн жана тартиби оңолгондугу үчүн окуу жылынын аягында ЖИИ көзөмөлүндөгү 4 окуучу көзөмөлдөн чыгарылып, 23-апрель айынан тарта кайрадан 5 бала дагы социалдык педагогдун жана ЖИИ кызматкерлердин көзөмөлүндө калды. Бул балдардын иликтөө иштери 3 айга созулгандыктан дагы деле иликтөө бүтө элек.

Алар: 9-б класстын окуучусу Тынчтыкбек уулу Сыймык, 2019-жылдын апрель айында Ананьево айылындагы үйлөргө уурулукка киргендиги үчүн жана сабактан себепсиз кѳп калтыргандыгы үчүн ЖИИ кѳзѳмѳлүнѳ коюлган жана ошондой эле 8 класстын окуучусу Исламбеков Жаныбек 2019 жылдын апрель жогорудагы кылмышка чогуу баргандыгы үчүн ЖИИ кѳзѳмѳлүндѳ турат. Ошондой эле 3-класстын окуучулары Боронбаев Арген, Султаналиев Рамазан, Шергазиев Аскат дагы жогорудагы айтылган уурулук боюнча иликтөөдө. ЖИИ нускоочусу Олжобаева Алия Олжобаевна жумасына эки жолу келип маек жүргүзүп,тил кат алып турууда. Мектептин социалдык педагогу Кубанычбек кызы Элзат тарабынан дагы дайым кѳзѳмѳлдѳ болуп, сабактан тышкаркы иш чараларга катыштырып кѳзѳмѳлдѳп турууда. Бул окуучуларды дагы 2019-окуу жылынын аягына чейин кѳзѳмѳлдѳп турабыз.

VIII.

Окуу-материалдык базаны чыңдоо

жана инвестицияны тартуу.

1. Окуу материалдык базаны чыңдоо үчүн төмөндөгүдөй иш- чаралар жүргүзүлдү:

2. Окучууларды окуу китептери менен камсыздоо жагы райондук билим берүү бөлүмү тарабынан аткарылып турду. Окуу китептерин камсыздоо мурунку окуу жылына карата салыштырмалуу кыйла жакшырып, 69 % түздү.

3. Айыл өкмөту тарабынан түстүү принтер 1даана баасы 12 миң сом, сыртоочу машинка 1даана 7000сом, ламинатор 1даана 6000 сом, проектор S341DLP 1 даана 25000сом, телевизор LED TV H 40М 2100 S40 2 даана, 30000 сом, жарнама тактасы 1даана 10000 сом. Баардыгы 90358 сом тартылды.

4. Спорт шаймандары: баскетбол тобу 4 даана 4000 сом, валейбол тобу 5 даана 5000сом,футбол тобу 5 даана 4900 сом, бейсбол тобу 20 дана 4000 сом, теннис ракеткасы 4 даанав 1600 сом, теннис топчосу 60 даана 900 сом,секиртмектер 10 даана 800 сом, валейбол сеткасы 1 даана 1450 сом, баскетбол сеткасы 1 даана 1520 сом,фишкалар 20 даана 2000 сом, тегерекчелер 10 даана 4000 сом, ыргытуучу топтор 4 даана 360 сом, спорттук граната 6 даана 2880 сом , баардыгы 33410сом тартылды.

5. “Бир бол” фракциясынын депутаты Турусбеков Бакыт тарабынан 2 даана компьютер белекке берилди.

Милдеттер:

 Мектептин окуу-тарбия ишин камсыз кылуу, өнүктүрүү жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн камкорчулук кеңеши донорлорду (инвесторлорду, меценаттарды), финансылык жана башка материалдык каражаттарды издөө;

 финансылык жана башка материалдык каражаттар, аларды сарптоо тууралуу милдеттүү отчет менен жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернет-сайттарына жана башка жолдор аркылуу жарыялоо;

 финансылык жана башка материалдык жардам көрсөтүүлөр тууралуу окуучулардын ата-энелери үчүн кайрылуу маалыматтары, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчеттор мектептин көрүнүктүү жана жалпыга жеткиликтүү жерлерине жайгаштыруу.