Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү
Дата публикации: Dec 11, 2015 11:4:10 AM
1-декабрда мектептин 9-11-класстар арасында "Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө" карата тегерек стол болуп өттү. Тарбия завучу тарабынан уюштурулган бул иш-чарага айылдык оорукананын медайымы келип катышып, окуучуларды кызыктырган жана түшүнбөгөн суроолоруна жооп берип, СПИД жана андан коргонуу тууралуу маалымат берип кетти.