Милициянын жаш жардамчылары

Дата публикации: Mar 25, 2016 4:22:42 AM

17-февралда Ананьево айылынын Лященко орто мектебинде "Милициянын жаш жардамчылары" аттуу аймактык конкурс болуп өттү. Конкурска аймактын 10 мектеби катышып, Жусуп Абдрахманов мектебинин МЖЖ "Ак шумкар" командасы байгелүү орунга ээ болуп, финалга өтүп, районго жолдомо алышты.