АТА-ЭНЕЛЕР

Мектеп ата-энелер комитетинин жобосу

1. Ата-энелер комитети мектепти башкаруунун бөлүнбөс бөлүгү.

2. Ата-энелер комитети мектеп администрациясы, мектеп кенеши жана педагогикалык кенеш менен тыгыз байланышта мыйзам чегинде иш алып барат.

3. Ата-энелер комитетинин түзүлүшү мектептин администрациясынын жана мектеп жамаатына окуу тарбия иштерине өз салымын кошот.

4. Ата-энелер комитети ар бир класс үчүн түзүлөт.

Мектеп ата-энелер комитетин түзүлүшү жана курамы:

1. Мектеп ата-энелер комитети класстын ата-энелер комитетинин төрага/төрайымдарынан түзүлөт.

2. Класстын ата-энелер комитетинин мүчөлөрү жыл сайын 1-октябрга чейин шайланат.

3. Мектеп ата-энелер комитетинин мүчөлөрү 20-октябрга чейин шайланат.

4. Ата-энелер комитетинин сапаттык жана сандык курамы ата-энелер чогулушунда бекитилет.

5. Ата-энелер комитетине мүчөлүккө мектеп администрациясынын бир өкүлү кирет.

6. Чечүүчү жана чечпөөчү укугу менен мектептин ата-энелер комитетине коомчулуктун өкүлү жана педагогикалык жамаат кирет.

7. Мектеп ата-энелер комитетинин мүчөлөрү төраганы шайлайт.

8. Мектеп жана класс ата-энелер комитети бир жылдык мөөнөткө шайланат.

Мектеп ата-энелер комитетинин милдеттери:

1. Мектеп ата-энелер комитети окуу тарбия иштерине жана окуучулардын коопсуздугу жана ден-соолугуна, эркин өнүгүүсүнө, мыйзамдагы укуктарды сакталышына көмөк кылуусу;

2. Ата-энелер комитетинин мүчөлөрү белгиленген мөөнөттө чогулуштарга активдүү катышып, көйгөйлөрдү талкуулоого милдеттүү.

3. Көйгөйлөрдү чечүү үчүн жол издөөгө жана чечим чыгарууга;

4. Материалдык көмөк көрсөтүүнүн максатында ата-энелер фондун түзүүгө.

5. Жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча жыйынтыктарды угузууга.

Мектеп ата-энелер комитетинин укугу.

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү мыйзамдарына жана мектептин уставына таянып иш жүргүзүүгө.

2. Окуу тарбия иштеринде оптималдуу жагымдуу чөйрөнү түзүүгө.

3. Мектеп администрациясы менен бирдикте окуу тарбия иштерине көзөмөл жүргүзүүгө.

4. Ата-энелер чогулушун чакырууга жана көйгөйлөрдү чечүүгө.

5. Окуу тарбия процессинин коопсуздугун сактоого жана түзүүгө.

6. Мектеп администрациясы жана педагогикалык жамаат менен бирдикте окуу тарбия иштерин жакшыртуу боюнча иш чараларга катышууга.