ХРОНОЛОГИЯЛЫК ПАПКА

Ата-энелер мектеби

   Кыргыз Республикасынын Баатыры Жусуп Абдрахманов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде ар бир класста ай сайын ата-энелер менен тыгыз байланышта болуу үчүн мектеп менен бирдикте сабактар өтүлүүдө.

Альбомго шилтеме 

Жол кыймылынын жаш инспекторлору

  1-11- класстардын арасында жол кыймылынын инспекторлору конкурсу болуп, ага ар бир класс жогорку деңгээлде катышты. башталгыч класстан 1-а класс, жогорку класстан 5-а класс гран-при лерге ээ болуп, иш-чарага жол кыймылынын инспекторлору дагы күбө болуп, эң жакшы маанайда кетишти.

   

Альбомго шилтеме

Жолдо жүрүү эрежелери

  Мектепте ар бир класста жолдо жүрүү эрежелери боюнча класстык сааттар өткөрүлдү.

   

Альбомго шилтеме

Мен жана ата-энем 2021

   Мектептин дене тарбия сабагынын мугалими Дюшенов Э.А. ата-энелерди мектепке тартуу жана окуучу мектеп арасында байланышты күчөтүү максатында конкурс өтүп, иш-чарага окуучулар жана ата-энелер кызыгуу менен катышты. 

Альбомго шилтеме

Толеранттулук 2021

   Мектеп окуучуларынын арасында "Толеранттуулук деген эмне" деген темада класстык сааттар өткөрүлүп, окуучулар толеранттуулук деген терминдин чечилиши жөнүндө түшүнүк ала алышты.

Альбомго шилтеме

Мектеп парламенти 2021

   Мектеп окуучуларын парламентке шайлоо болуп өтүп, анда жогорку класстын окуучуларынын арасынан шайланылды. Мектеп президенти болуп 11-класстын окуучусу Уланбекова Айдана шайланды.

Альбомго шилтеме

Аскерге чейинки даярдык 2021

Мектептин аскерге чейинки даярдык сабагынан ачык сабак өткөзүлдү. Предметтик мугалим Дюшенов Эсенбек Асановичтин сабагы максатына жетти деп бааланды.

Альбомго шилтеме

Ата бабаларды эскерүү күнү 2021

7-8-ноябрь күндөрү "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө" карата мектепте дагы иш-чара болуп өттү.

Альбомго шилтеме

Конкурс 2021

Мектептин бардык класстары арасында "эң мыкты класстык бурч" жана "эң жашыл класс" конкурстары жылда класстардын жасалгасын жакшыртуу максатында өткөрүлүп турат.

Альбомго шилтеме

Алтын күз 2021

Октябрь айында күз айынын аякташы менен жогорку класстар арасында "Алтын күз" конкурсу болуп өттү. Окуучулар конкурска жакшы дэңгээлде даярдык көрүп келишкен. 

Альбомго шилтеме

Алтын күз 2021

Октябрь айында күз айынын аякташы менен башталгыч класстар арасында "Алтын күз" көргөзмөсү болуп өттү. Окуучулар конкурска жакшы дэңгээлде даярдык көрүп келишкен. 

Альбомго шилтеме

Мугалимдер күнү

5-октябрь Мугалимдер күнүнө карата мектепте мугалимдерди майрамы менен куттуктап айыл өкмөттөн айыл башчысы Байгазаков Б.Т. келип 3 мугалимди сыйлоо баракчасы менен сыйлап, иш-чара окуучулар тарабынан чакан концерт менен коштолду.

Альбомго шилтеме

    Дублерлор күнү

Жусуп Абдрахманов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде 5-октябрь "Мугалимдер майрамына" карата окуучулар мугалимдердин ордуна жакшы окуган сабактарын класстарга өтүп, балдар жана кыздарга абдан кызыктуу болду.

Альбомго шилтеме 

      Карылар күнү

Жусуп Абдрахманов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде 1-октябрь "Карылар күнүнө" карата окуучулар өзүлөрүнө тиешелүү ардагер мугалимдердин үйүнө барып белектерин берип, жагымдуу маанай тартуулап келишти.

Альбомго шилтеме 

     Кыргыз тил күнү

2021-жылдын 23-сентябрында мектепте Кыргыз тил күнүнө карата салтанаттуу линейка жана дубал газеталар конкурсу болуп өттү


      Билим күнү

Жусуп Абдрахманов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде 15-сентябрь "Билим күнүнө" карата салтанаттуу линейка болуп өттү. Карантинден кийин окуучулар окууну сагынгандыгы алардын жүзүнөн билинип турду.

Альбомго шилтеме