1-сентябрь Билим куну

Дата публикации: Oct 14, 2016 11:19:37 AM

Кимде ким окуй билсе, олжо табар,

Кимде ким билим алса - олжо алар.

Илимдүү асыл адам чындыгында,

Билимдүү - өкүмдарга керек тура.

Адамдар ар нерсеге жетиш үчүн,

Жумшаган колдун күчүн, илим күчүн.

Акылдуу, илимдүүлөр улуу асылдар,

Билим менен бек күчү ишке ашар.

Жеткирди миң-миңдеген ачылышка,

Сага даңк илим күчү - урмат сага!

Өнөргө ээ болосуң окуу менен,

Аз болсо да билимде пайда кенен.

/ Ж.Баласагын /

Кымбаттуу мугалимдер жана суйуктуу окуучуларыбыз!

Силерди жаңы окуу жылыңардын башталышы менен чын дилден куттуктайбыз!

Билим күнү бардык кыргызстандыктар үчүн жакшы башталыштардын, ачылыштардын жана ийгиликтердин символу болуп калды. Илим, билимдеги ийгиликтер - бул Кыргызстандын келечеги!

Билим күнү жөн гана майрам эмес, ал - ийгиликке жетишүү үчүн тынбай эмгектенүү, өмүр бою өзүн-өзү өркүндөтүүнүн үстүндө иштөө зарылдыгын эске салуучу улуу күн.

Альбомго Шилтемеhttps://goo.gl/photos/AKbqGvMDUXFnbbe76