Жогорку Кенештин депутаттары биздин мектепте

Дата публикации: May 16, 2016 9:51:4 AM

4-апрель күнү СДПК партиясынын Акаев Ж., Мамытова Л. баш болгон депутаттары, жана пресс-катчылар, ошондой эле Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абирова Д.Э. ж.б. өкүлдөрү мектепке келип, мектептин абалын, салынып бүтпөй калган мектеп курулушун көрүп жакынкы жылдары мектеп салып берүү милдетин алышты. Ошондой эле жолугушууда келген коноктор мектептин жашылдандыруусуна салым кошуу максатында карагай отургузуп, кол тамгасын коюп кетишти. 2019-жылына жаңы мектеп курулаарына биз, мектеп жаматы толук ишенебиз!