"Бирге окуйбуз" долбоору

Дата публикации: Nov 25, 2015 10:15:7 AM

USAID "Бирге окуу" долбоору боюнча башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн жакшыртууга, сапаттуу калыптандырууга жана окуучулардын окуу ишмердүүлүгүн натыйжалуу уюштуруу, сөз байлыгын, окуп түшүнүүсүн өнүктүрүү боюнча башталгыч класстын мугалимдери иш алып барууда. Белгиленген мөөнөттө семинар-тренингде ишке ашкан ишмердүүлүктү талдоо, баалоо, тема боюнча сүйлөшүүдөн пайданы табуу жана мүмкүн болгон аракеттерди белгилөө сыяктуу иштер жүргүзүлүүдө. План боюнча бекитилген мөөнөттө көрсөтмөлүү ачык сабактар өтүлүп, талкууланып, анализ чыгарылууда.